«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жаныбек Жоробаев мандатын тапшырды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Жоробаев депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арыз жазган.
Жаныбек Жоробаев 2020 жылдын 13-майында “Кыргызстан” партиясынан депутат болуп келген. Ал Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетин мүчөсү болду.
Буга чейин улуттук коопсуздук органдарында иштеген.