Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 18-августта түнкүсүн өлкө аймагында жаан жаайт. Ошондой эле күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетип, абанын температурасы төмөндөйт.
18-19-августтагы туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +14…+16, күндүз +21…+23;
Таласта түнкүсүн +10…+13, күндүз +21…+22;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +14…+16, күндүз +19…+23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11…+12, күндүз +18…+21;
Нарында түнкүсүн +9…+12, күндүз +18…+19.
Бишкек шаарында 18-августта жаан жаайт.
Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +22…+25 градус болот.