Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: «Семетей» обсервациясында 485 орун бош

Кыска кабар | 24 Июл 2020 | 471 | 0

«Манас» эл аралык аэропортунун аймагындагы «Семетей» обсервациясында бейтаптар үчүн 485 орун бош. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Аталган обсервациянын жандандыруу бөлүмүндөгү алты бейтаптын абалы турукташып, корпустардагы орундуктарга которулган.

«Семетей» госпитализация пунктунун башкы дарыгери Кутман Мурзакалыков билдиргендей, 23-июлда «Гансиден» 27 бейтап айыгып, чыгарылган.

Кыргызстанда 23-июлга карата коронавирус жуктурган учурлардын саны 30 миң 126га жетти. Бул илдеттен жалпы 16 миң 791 жаран айыгып, каза болгондордун саны 1169ду түздү.

Copyright © 2017 Maral FM