Биз менен байланышыңыз

7 айда Бишкектин саламаттыкты сактоо уюмдарына 1 млрд 576 млн сом бөлүнгөн

Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 485 | 0

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 2020-жылдын 7 айында Бишкек шаарынын саламаттыкты сактоо уюмдарына 1 миллиард 576 млн сом бөлгөн.

20-июлга чейин фонддун бюджетинин эсебинен бөлүнгөн каражаттын суммасы 1 млн 576 миң 200 сомду түздү. Ал Бишкек шаарынын 35 саламаттык сактоо уюмуна, 22 шаардык деңгээлдеги уюм жана 13 республикалык деңгээлдеги медициналык уюмга берилди.

Бөлүнгөн каражаттын көпчүлүк бөлүгү чыгымдарга пайдаланылат:

-эмгек акы жана Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча-1026,2 млн сом (65,1%);

-медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алууга -364,3 млн сом (23,1%), анын ичинде дары-дармектерди сатып алууга — 104, 8 млн сом кошумча бөлүнгөн;

-коммуналдык кызмат көрсөтүү чыгымдарга — 87,5 млн сом (5,5%);

— тамак-аш азыктарына — 48,9 млн сом (3,1%);

-башка чыгымдарга — 8,5 млн. сом.

Жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жана запастарын түзүү боюнча Милдеттүү медициналык фонду кошумча каржылоо иретинде 104,8 млн сом бөлдү. 21-июлда Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдары жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болушту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM