Connect with us

Тез жардам унаалары канчага сатып алынганы айтылды

Кыска кабар | 17 Июл 2020 | 5756 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги жаңы сатып алынган 13 тез жардам унаасынын баалары жөнүндө маалымат берди. Бул тез жардам унаалары сатып алынгандан кийин интернет колдонуучулары баалары жогорулатылганын айтып чыгышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин программаларды ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Медербек Исмаиловдун айтымында, ГАЗ «Соболь» маркасындагы сегиз автоунаа ар бири керектүү жабдуулары менен 8700 доллардан алынды.

Ал эми бардык жабдуулары, жасалма дем алдыруучу аппараты менен Ford үлгүсүндөгү үч реанимобилдин ар биринин баасы болжолдуу 90 миң 300 долларга алынган.

Бул тез жардам унаалары буюртма менен атайын багыттагы өндүрүштөн чыккан. Алардын комплектациясы өзүнчө түзүлөт. Унааларды алуу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тендер өткөрүп, ага 4 компания катышкан. Анын ичинен эң аз сумманы сунуштаганы тандалган.

Исмаилов унаалардын сапаты баасына төп келерин кошумчалады. Аталган тез жардам унааларынын комплектациясы, жөнөкөй унаалардыкына салыштырмалуу башкача болуп, анын ичиндеги медициналык жабдуулар менен каражаттарды эске алганда баасына туура келет.

«Кыргызстандын аймактары үчүн атайын дизель майы керектелүүчү 4WD «Соболь» унаалары алынды. Унаанын ичинде — дем алдыруучу системалары, кычкылтек баллондору жана бардык жарандарга ыкчам медициналык жардам көрсөтүү үчүн муктаж болгон жабдуулар орнотулган. Бир унааны баасы болжол менен алганда 49 миң долларга айланган. Экинчи класстагы 3 даана реанимобилге кубаттоочу шаймандары менен жасалма дем алдыруучу аппараттары орнотулган», — деди Медербек Исмаилов.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM