Индиянын Ички иштер министрлиги тутумдагы бардык кызматкерлерге Facebook социалдык тармагын колдонууга тыюу салды.
Тыюу салуу Индиянын Борбордук резервдик полициясына, Индия-Тибет чек ара полициясына, Чек ара кызматынын полициясына, Борбордук куралдуу күчтөр полициясына жана ИИМдин алдындагы Террорго каршы кызматына тиешелүү.
«Тыюу системанын бардык түзүмдөрүнө жайылтылат. Индияда Facebook же Instagram сыяктуу өз тиркемеси болушу керек, ага эч кандай тышкы өкмөт кире албашы кажет», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.
Буга чейин өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы аскер кызматчыларына, аскердик наамына карабастан, Facebook баракчаларын дароо жок кылууга буйрук берген. Аларга дагы 88 тиркемени колдонууга тыюу салынган.
Чектөө 15-июлда күчүнө кирди. Тыюу салынган тиркемелерди колдонгон ар бир аскер кызматкери тартип жазасына тартылат.
Маалыматка караганда, акыркы мезгилдерде чет элдик тыңчылар Facebook’ту индиялык аскерлерден жашыруун маалымат алуу үчүн колдонушкан.