Кычкылтек концентраторлорун жана дарыларды Кыргызстандан чыгарууга аракет кылган үч кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.
15-июлда «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө пунктунда мамлекеттик чек арадан кычкылтек концентраторлорун жана айрым дары-дармектерди Казакстанга алып өтүүгө аракет кылгандар кармалган.
Транспорт каражатын текшерүү учурунда автоунаанын ичинен 4 комплект кычкылтек концентратору, пульсоксиметр жана өкмөтү тарабынан өлкөдөн убактылуу алып чыгууга тыюу салынган дары-дармектер («Ингавирин», «Ксарелто») табылган.
Керектүү документтер чогултулган соң айдоочулар жүк менен чогуу тиешелүү органдын кызматкерлери өткөрүлүп берилди.