Биз менен байланышыңыз

Орусия Кыргызстандын жарандарына миграциялык каттоонун мөөнөтүн узартты (толук маалымат)

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 2365 | 0

15-сентябрга чейин Орусия Кыргызстандын жарандарына карата миграциялык каттоонун мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

15-июнда Орусия президенти Владимир Путин коронавируска байланыштуу Орусиядагы чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуунун убактылуу чаралары жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Бул Жарлык 16-июнда күчүнө кирди. Ага ылайык, 15-сентябрга чейин төмөнкү документтердин мөөнөтү токтотулуп турат:

-визалар;

-убактылуу жашоого уруксат (РВП);

-Орусияда жашап турууга уруксат (ВНЖ);

-колдонуу мөөнөтү жөнүндө белгилери бар миграциялык карта;

-качкындардын күбөлүктөрү;

-Орусияда качкын макамын алуу жөнүндө арызды карап чыккандыгы жөнүндөгү күбөлүк;

-Орусиядагы убактылуу башпаанек жөнүндөгү күбөлүк;

-Мамлекеттик программанын катышуучусунун сертификаттары.

Эгер 15-марттан 15-сентябрга чейинки убакытта жогоруда көрсөтүлгөн документтердин биринин жарактуу мөөнөтү бүтсө, документ автоматтык түрдө 15-сентябрга чейин жарактуу болот.

Мисалы, Кыргыз Республикасынын жаранынын 16-мартында миграциялык картасы, убактылуу жашап турууга уруксаты, же Россияда жашап турууга уруксаттын мөөнөтү өтүп кеткен болсо, ал автоматтык түрдө 15-сентябрга чейин узартылат. Орусиянын Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнө кайрылуунун кажети жок.

Миграциялык каттоосунун мөөнөтү 15-мартка чейин бүткөн жаран (мисалы, 1-мартта), Орусиянын чегинен чыга албагандыгына байланыштуу, ал өлкөдө жүргөнүн мыйзамдаштыруу үчүн Ички иштер министрлигине тезинен кайрылып, убактылуу жашаган жеринде каттоо үчүн арыз жазышы керек.

Иштөөгө уруксат кагазынын, патенттеринин, чет өлкөлүк жумушчуларды тартууга жана пайдаланууга уруксатынын мөөнөтү токтотулбайт.

Тагыраагы, жумуш берүүчү тарап чет өлкөлүк жаран менен, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жараны менен, эмгек же жарандык-укуктук келишим түзүлгөн күндөн тарта 3 иш күндүн ичинде Орусиянын Ички иштер министрлигинин аймактык миграция бөлүмүнө билдирме берүүгө милдеттүү.

Буга чейин Орусия президенти Владимир Путиндин 2020-жылдын 18-апрелиндеги Жарлыгына ылайык, чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары, үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан 15-июнуна чейин эмгек ишмердүүлүгүн эмгек же жарандык-укуктук келишими жок эле жүргүзө алышчу.

Россия Федерациясынын Президенти В.В.Путиндин 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 274 Жарлыгынын 2-пунктуна киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, 2020-жылдын 15-марттан 15-сентябрга чейин чет өлкөлүк жарандарга байланыштуу төмөнкү чечимдер кабыл алынбайт:

— алардын өлкөдө жашашына же туруусуна мүмкүн эместиги жөнүндө;

— Орусиядан административдик түрдө чыгаруу жөнүндө;

— депортация же реадмиссия жөнүндө;

— качкын статусунан же убактылуу баш калкалоодон ажыратуу жөнүндө;

— мурда берилген визаларды, иштөөгө уруксаттарды, патенттерди, РВПны, Орусияда жашап турууга уруксатты, мамлекеттик программанын катышуучусунун күбөлүктөрүн жокко чыгаруу жөнүндө.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн дареги: 119017, Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү 62, курулуш 2 (Погорельский каптал көчөсүнөн кирүү).

Тел.:+79251032911; +74992383304, +74992301117.

Copyright © 2017 Maral FM