Биз менен байланышыңыз

Президент беткапсыз сүрөткө түшкөн өкмөткө айып салууну талап кылды

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 1225 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-июнда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында Өкмөт мүчөлөрүнүн топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, беткапсыз сүрөткө түшүшкөнүн сындады.

-Өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, беткапсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат, — деди президент Жээнбеков.

Ал медиктердин талаптарын бузгандарга айыппул салууну талап кылды.

-Бул чаралар Өкмөт Аппаратынын катардагы кызматкерлерине карата колдонулбашы керек. Алар, менимче, башчыларынын буйругу боюнча чыгышкан. Баарыңар айыппул төлөшүңөр керек, — деди президент.

«Беткапсыз сүрөт»: Өкмөт туура эмес кылганын мойнуна алды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM