Биз менен байланышыңыз

Коопсуздук кеңеши эпидемиологиялык кырдаалды талкуулап жатат

Кыска кабар | 19 Июн 2020 | 703 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаалы жөнүндө маселе каралууда.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын, Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун коронавирус инфекциясынын андан ары жайылып кетүүсүнө жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери тууралуу маалыматтар угулууда.

Кыргызстанда 19-июнга карата 132 адамдан коронавирус аныкталды. Ушуну менен вирусту жуктургандардын саны 2789га жетти. Коронавирустан 1961 адам айыгып, 32 киши каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM