Биз менен байланышыңыз

Президент Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды

Кыска кабар | 16 Июн 2020 | 645 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды. Тийиштүү Жарлыкка 16-июнда кол коюлду.

Жарлыкка ылайык, премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьер-министрлердин, Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызматына ылайык өкмөт мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.

Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү боюнча арызын 15-июнда жазды. Ал 27-майдан тарта эмгек өргүүсүндө болчу. Муну Байланыш агенттигиндеги жыштык сатуу фактысы боюнча тергөө жүрүп жаткандыктан, тергөөгө басым жасоодон алыс болуу үчүн деп түшүндүргөн.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылдын 20-апрелинен бери Өкмөттү жетектеп келди.

Ал ортодо Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду көрсөтөрү айтылып жатат. Боронов учурда өкмөт башчынын милдетин аткарууда.

Парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрлик кызматка көрсөтүлө турчу талапкерди бекитүү үчүн жыйынга чогулат. Ал 16-июнда болору күтүлүүдө. Көпчүлүк коалицияда КСДП, «Республика — Ата Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» фракциялары бар.

Copyright © 2017 Maral FM