Connect with us

Асрандиев: Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды тоскоолдук катары баалайбыз

Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 1021 | 0

Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев «Актилек автожол» көзөмөл-өткөрүү жайында өткөн көчмө жыйында билдирди.

Казакстан менен чектешкен чек арада көптөн бери кыйынчылыктар болуп келүүдө. Абал былтыртан бери начарлап кетти. 300-400 унаа көп күндөн бери кезек күтүп турат. Мен жеке өзүм айдоочуларды Казакстандын чек арасынан Кыргызстанга өткөрүү тартибин көрдүм. Ал паспорттук көзөмөлдөн, андан аркы көзөмөлдөө үчүн медицина кызматкерлеринин анкеталык маалыматтарын топтоодон, вирустун бар-жогуна анализ тапшыруудан турат. Андан соң, жүк ташуучу Кыргызстандын аймагында тесттин жыйынтыгын күтөт. Өлкөгө кирүү тартиби дагы татаал эмес. Ал эми казак тарапта аракеттердин бардыгы жай жүргүзүлүүдө, — деди Асрандиев.

Анын айтымында, кыргыз бийлиги ЕАЭБ аянтында тоскоолдуктарды жоюу үчүн иштерди жүргүзүп жатат.

Тилекке каршы, союздун ички чек арасында жагдай кыйын. Тышкы чек арага караганда бир кыйла татаал. Биз өткөн жылдан бери ЕАЭБ регламентинин алкагында Коллегияга кайрылып жатабыз, анткени кырдаалды тоскоолдук катары баалайбыз. Жана бул биздин ички союздук макулдашууларга каршы келет. Жакын арада маселе чечилет деп ишенебиз, — деп жыйынтыктады Эркин Асрандиев.

Copyright © 2017 Maral FM