Connect with us

СOVID-19: 13 бейтап айыгып, 11 жаңы учур катталды

Кыска кабар | 8 Май 2020 | 562 | 0

Бүгүн, 8-майда республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 11 учуру катталды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөттө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда — 3 жана Жалал-Абад облусунда– 3 жаңы учур катталган.

Жалпысынан алганда Кыргызстанда аталган ооруга кабылгандардын саны 906 учурга жетти.

Министрдин орун басары кошумчалагандай, бүгүн сутка ичинде 13 бейтап ооруканадан айыгып чыкты.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 650 бейтап оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM