Бүгүн, 9-апрелде саат 11:20да катуу шамалга байланыштуу “Ысык-Көл” 220 Кв көмөкчордонунда авариялык өчүрүү болуп, Ысык-Көл облусу жарыксыз калды. Бул тууралуу “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ачык акционердик коому кабарлады.
Маалыматка ылайык, ишкана авариянын кесепеттерин жоюуда.
Саат 11:40та “Ысык-Көл” жана “Тамга” көмөкчордондору калыбына келтирилди.
Кийинчерээк толук маалымат берилет.