Connect with us

Орусия Кыргызстанга тест-системанын бир нече партиясын жөнөттү

Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 1912 | 0

Орусия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары коронавирусту аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясын жөнөттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 3-марттан 15-мартка чейинки убакыт аралыгында 7600 медициналык тест-система жардам иретинде жөнөтүлгөн.

21-мартта Роспотребнадзор 10 миң адамды текшерүүгө жеткидей тест-система жиберди.

Буга чейин коронавирус илдетин тез арада аныктоочу 5 миң экспресс-тест Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрликтери аркылуу Кытайдан сатып алынган. Экспресс-тест  Финансы министрлигинде ачылган эсепке түшкөн каражатка алынганы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM