Орусия Кыргызстанга гуманитардык жардам катары коронавирусту аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясын жөнөттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 3-марттан 15-мартка чейинки убакыт аралыгында 7600 медициналык тест-система жардам иретинде жөнөтүлгөн.
21-мартта Роспотребнадзор 10 миң адамды текшерүүгө жеткидей тест-система жиберди.
Буга чейин коронавирус илдетин тез арада аныктоочу 5 миң экспресс-тест Саламаттык сактоо жана Тышкы иштер министрликтери аркылуу Кытайдан сатып алынган. Экспресс-тест Финансы министрлигинде ачылган эсепке түшкөн каражатка алынганы айтылды.