Биз менен байланышыңыз

Доллар жогорулап, рублдин куну түштү

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 651 | 0

Бишкекте коммерциялык банктарда долларга болгон талап күчөгөнү айтылып жатат. Мындан тышкары, орус рублинин куну төмөндөп кетти.

9-мартка карата Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында жана коммерциялык банктарда 1 орус рубли 93 тыйындан сатылып, 96 тыйынга сатып алынууда.

Бул эки күн мурдагыга караганда 10 тыйынга төмөн. Ал эми Улуттук банктын расмий сайтында 1 орус рубли 1 сом 03 тыйын деп белгиленген. Улуттук банк доллардын запасы жетиштүү экенин билдирет. 

Финансылык уюмдар азырынча долларды сатып алууда кандайдыр бир чектөө киргизген эмес.

Коңшу Казакстанда тенгенин курсу кескин төмөндөп кеткенине байланыштуу Нур-Султан жана Алматы шаарларындагы акча алмаштыруу жайларында доллардын курсу 397 теңгеге чейин көтөрүлдү.

Орусияда 1 АКШ доллары 72 рублга чейин жогорулады. 1 евро — 82 рубль.

Мунай 31 пайызга арзандады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM