Биз менен байланышыңыз

Президент мекенди коргоочуларды куттуктады

Кыска кабар | 23 Фев 2020 | 786 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-февралда, Ата Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады. Ал мекен сакчыларынын кызматынын маанилүүлүгүн белгилеп, мамлекеттин коопсуздугу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Өлкөбүздүн тарыхында каармандыктын изин калтырган аталарыбыздын элесине таазим кылабыз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине сый-урмат көрсөтөбүз.

Биздин жарандарыбыздын тынчтыгын жана бейпил турмушун коргоп, аскер турмушунун катаал сыноолорунан татыктуу өтүп жаткан жоокерлерибизди куттуктап, аларга ыраазылык билдиребиз.

Коопсуздукту камсыз кылуу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты, ал эми мекенди коргоочу — коомдогу эң зарыл жана ардактуу кесип бойдон калат»,-деп жазылат өлкө башчысынын куттуктоосунда.

Copyright © 2017 Maral FM