Connect with us

7-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт

Кыска кабар | 6 Янв 2020 | 666 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 7-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-январда күндүз жана 7-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -3…..-8… күндүз: 1…….6°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -4…..-9….күндүз: -3………2°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:

түнкүсүн: -1……-6….күндүз: 1……..6°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -6…..-11….күндүз: 0……..5°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -17……-22…..күндүз: -6..……-11°C

7-январда Бишкекте түнкүсүн күн ачык болот, күндүз кар жаашы мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6……-8°C, күндүзү 2………4°C.

Copyright © 2017 Maral FM