Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жарадар болгон. 11-августта Орусиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин 12-августта Москвага которулган.
Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Курманкулов «Эрдик» медалы менен сыйланган. 11-ноябрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москвага барып, Самат Курманкуловго сыйлыгын тапшырган.
Айта кетсек, Курманкулов учурда Москвадагы Реабилитациялык борбордо дарыланып жатат. Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин ал атайын аппараттын жардамы менен сүйлөп жатса, учурда өзү сүйлөп, басып калганын билдирген.