Биз менен байланышыңыз

Өкмөт Самат Курманкуловдун дарылануусуна 3, 5 млн.сом бөлөт

Кыска кабар | 29 Дек 2019 | 854 | 0
Өкмөт Чүй облустук милициясынын  башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна 3,5 млн. сом бөлөт. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 19-декабрда кол койгон.   Бөлүнө турчу каражат  Саламаттык сактоо министрлигинин ушул жылдагы бюджетинен каралган.

Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жарадар болгон.  11-августта Орусиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин 12-августта Москвага которулган.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Курманкулов «Эрдик» медалы менен сыйланган. 11-ноябрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москвага барып, Самат Курманкуловго сыйлыгын тапшырган.

Айта кетсек, Курманкулов учурда Москвадагы Реабилитациялык борбордо дарыланып жатат.  Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин ал атайын аппараттын жардамы менен сүйлөп жатса, учурда өзү сүйлөп, басып калганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM