Биз менен байланышыңыз

Бүгүн кышкы туристтик сезон расмий ачылат

Кыска кабар | 21 Дек 2019 | 383 | 0

Бүгүн, 21-декабрда Чүй облусундагы «Ак-Түз» тоо лыжа базасында кышкы туристтик сезон расмий ачылат. Анда чет өлкөдөн келген адистер лыжа тебүүнү каалагандарга атайын акысыз мастер класс өтүшөт. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Максат Дамир билдирди.

Анын айтымында, чет элдик туристтерди көбүрөөк тартуу үчүн эс алууга бардык шарттарды түзүп, жарнама тармагын да өнүктүрүш керек.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбековдун Швейцарияга болгон иш сапарынын алкагында, туризм боюнча эки документке кол койгон. Келишимдин алкагында кышкы туризмдин инфраструктурасын оңдоо үчүн  швейцариялык компания 2 млн доллар каражат бөлгөн. Швейцария менен 10 жылга келишим түзүп, бул аралыкта лыжа базаларды заманбап жабдыктар менен камсыздоо каралган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпы 22 тоо-лыжалык база бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM