Connect with us

Айдоочудан 1000 доллар пара талап кылган чиновник тергөө абагына киргизилди

Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 695 | 0

Пара алууга шектелип кармалган Бишкек милициясынын тергөө кызматынын жол транспорт кырсыгы бөлүмүнүн башчысы №1 тергөө изоляторуна киргизилди. Бул тууралуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган. Бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Эскерте кетсек, пара алууга шектелген чиновник жөө жүргүнчүлөр тилкесинде болгон кырсыкты жаап салуу боюнча айдоочудан бир миң АКШ доллар пара талап кылган.

Айдоочу кырсыкка кабылган жарандын дарылануусуна кеткен каражатты, жапа чеккендин моралдык жана материалдык чыгымын толук төлөп берген. Деген менен чиновник иши сотко өткөрөм деп коркутуп, акча талап кылган. Айып жайга коюлган унаасын да берген эмес, — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине пара талап кылуу беренеси менен катталган. Начальник өткөн аптада кармалган. Тинтүү учурунда анын күндөлүк дептеринен айдоочу мурда берген 30 миң сом табылган.

Copyright © 2017 Maral FM