Биз менен байланышыңыз

Шри-Ланканын президенти 2 бир тууганын 5 министрликке жетекчи кылып дайындады

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2019 | 393 | 0

Шри-Ланканын президенти Готабая Ражапакса бир тууган агасы — өкмөт башчы Махинда Ражапаксаны , бир учурда 4 мамлекеттик кызматка жетекчи кылып дайындады. Бул тууралуу News First телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, Махинда Ражапакса алдыдагы шайлоолорго чейин каржы жана экономикалык пландоо, Буддизм жана Ваямба регионун өнүктүрүү, шаар куруу жана суу менен камсыз кылуу, ошондой эле өкмөттүн маданият министрликтерин жетектейт. Ал 2005-2015-жылдардын аралыгында Шри-Ланканын президенти болгон.

Өз кезегинде президенттин дагы бир тууганы Чамал Ражапакса убактылуу айыл-чарба жана соода министринин милдетин аткарат.

Эскерте кетсек, өткөн жумада Шри-Ланкада президенттик шайлоо болуп өттү. Анда Готабая Ражапакса шайлоочулардын 52,2 пайызынын добушуна ээ болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM