Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 31-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, ал эми өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 4….9… күндүз: 17…..22°C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 2….7….күндүз: 17…..22°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 6…..11….күндүз: 17…..22°C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 1…..6….күндүз: 11……16°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 0….-5…..күндүз: 10…..15°C;
31-октябрда Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 20……22°C, түнкүсүн 6..… 8°C.