Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 22-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 2….7… күндүз: 13…..18°C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 0….5….күндүз: 12…..17°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 4…..9….күндүз: 16…..21°C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 0…..5….күндүз: 10……15°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: -3….2…..күндүз: 11…..16°C;
22-октябрда Бишкекте жаан чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 16……18°C, түнкүсүн 4..… 6°C.