1-октябрь — Карылар күнү. Өлкө боюнча улгайгандардын саны 91 миңге (22 %га) көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Ушул жылдын башында карылардын саны 500 миңге жакындаган. 63 жаштан өйдөкү эркектердин саны 150 миңди же өлкөдөгү эркектердин 4,7 пайызын түзсө, 58 жаштан жогорку аялдардын саны 349 миңге жакын адамды же жалпы аялдардын 10,8 пайызын түзөт. Ошол эле учурда ушул курактагы аялдардын саны эркектердикине караганда 200 миң адамга же 2,3 эсеге көп.
2018-жылы эркектердин жаш узактыгы 67,4 %ды түзсө, аялдардыкы 75,6 %ды түзгөн. Эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда болжол менен бир жарым эсе жогору. Пенсиялык куракка чейин жашоо аялдарда 90 %ды түзсө, эркектердики 70 %ды гана түзөт. Бул жерден пенсияга аялдар эркектерден беш жыл эрте чыгарын эске алыш керек.
Кыргызстанда карылардын саны жаштардан көбөйүп баратат. Ушул жылдын башында 65тен жогорку курактагылар 301 миңдей адамды же кыргызстандыктардын 4,7 %ын түзүп турган. Буга карабастан, КМШнын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу бул көрсөткүч бир топ төмөн болгон.
БУУнун божомолдоосу боюнча Кыргызстанда мындай тенденция болжол менен 2030-жылдарда пайда болот, ошол мезгилде 65 жаштан өйдөкү курактагылар 7 пайызга жакындап барат.
Социалдык фонддун маалыматы боюнча, 2018-жылдын аягында каттоодо 694,8 миңге жакын пенсионер турса, алардын ичинен 510,8 миңи же 74 %га жакыны жаш курагы боюнча пенсия алуучулар болуп эсептелишкен.
2018-жылы пенсиянын орточо көлөмү 5 760 сом болуп, пенсионерлердин күнүмдүк тирилигинен 1,3 эсе жогору болгон.
Кошумчалай кетсек, карылар күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 1990-жылдын декабрында чечим кабыл алган.
1 пикир