Биз менен байланышыңыз

Ошто түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт

Кыска кабар | 16 Сен 2019 | 461 | 0

17-19-сентябрь күндөрү «Ош — Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык программасынын алкагында түрк тасмаларынын жумалыгы өткөрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Анда түрк режиссерлору тарткан «Биздин чемпион», «Карышкыр» тасмалары жана жаш балдар үчүн «Рафадан Тайфа» аталышындагы анимациялык фильм акысыз көрсөтүлөт.

Жумалыктын ачылышы 17-сентябрь күнү «Семетей» кинотеатрында саат 17:00дө башталат. Тасмалар түрк тилинде тартууланып, кыргыз тилине субтитр аркылуу которулуп берилет.

Copyright © 2017 Maral FM