Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 8-9-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-августта күндүз жана 10-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.
10-августта күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-августта күндүз жана 9-10-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
11-12-августтарда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт.
13-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жана 14-августта өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы төмөндөйт.