Биз менен байланышыңыз

«Өкмөт мигранттардын балдарына да жөлөк пул бериши керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Июн 2019 | 614 | 0

Өкмөт мигранттардын балдарына да жөлөк пул бериши керек. Бул тууралуу ишкер, мигрант Элнура Суранова «Маралда» өткөн тегерек үстөлдө билдирди.

Анын айтымында, ата-эне кайсы жерде миграцияда жүрбөсүн, өкмөт алардын балдарын жөлөк пулдан куру калтырбашы керек. Эл өкүлдөрүнүн санын кыскартып, аларга кеткен каражат аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилсе, мигранттардын саны азаймак.

«Балдар биздин келечегибиз. Мамлекет жөлөк пул бере албаган соң, башка кандай колдоо көрсөтө алат?  Мигранттар балдарын таштап кетип, аларга мээримин төгө албай жатат. Мындан сырткары, мигранттардын каражатын тойлорго которууну жоюш керек. Анын ордуна өсүп келе жаткан балдар үчүн мектеп, бала бакча куруп берсек жакшы. Айыл өкмөттөрүндө тойлорго чектөө киргизүү зарыл. Той жакшы нерсе, бирок той өткөргөн адам карыздар болууда», — дейт Суранова.

Ал мигранттардын санынын көптүгүн ипотекага турак жай алууга жакшы шарт түзүлбөгөнү менен байланыштырды.

«КРда ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу начар болгондуктан, үй-бүлөлөр чет жакка иш издеп кетип жатат. Мындан улам мамлекеттик кызматта иштебегендерге да ипотекага турак жай алууга шарт түзүү зарыл», — дейт ишкер.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM