Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 26-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, күн ачык болот. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 14….19… күндүз: 31… 36 °C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 11….16….күндүз: 30…..35°C;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 18…20….күндүз: 31……36°C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 10…15….күндүз: 22……27°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 9….11…..күндүз: 25….27°C;
26-июнда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 33….35°C, түнкүсүн 17….19°C.