Биз менен байланышыңыз

Жунус уулу: Атамбаев «акмын» десе, комиссияга далилдеп берсин

Күн чекит | 18 Июн 2019 | 868 | 0

Эки күндүк иликтөөдөн соӊ, мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн сунушталган 9 айып 6га кыскартылды. Мындай маалымат аталган иштин негизинде түзүлгөн депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынында белгилүү болду. Мындан улам биз бул теманын тегерегинде ошол комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу менен «Күн чекит» прграммасында маек курдук.

— Депутаттык комиссия канча күн, кандай тартипте иштедиңер?

— Депутаттык комиссия 7 күнгө деп түзүлгөн. Комиссия эмне үчүн түзүлдү? Себеби, мыйзамда ошондой деп жазылган. Ал жерде 40тан ашуун жоон топ депутат Алмазбек Шаршеновичтин кол тийбестигин алуу боюнча Жогорку Кеңешке кайрылуу жасады. Анткени, бул жакта оор кылмыштар бар. Ошонун негизинде кайрылуу жасап, түзүлгөн комиссия иш алып бардык. Бүгүн экинчи жолку расмий чогулуш болду. Ал жыйынга «бардыгыңар катышсаңар болот» деп жарыялаганбыз. Түзүлгөн комиссияга депутаттарды, юристтерди, саясат талдоочуларды тарттык. Азыр жыйын бүттү. Жогорку Кеңештин комитетинде каралып жатат.

— Сиздер экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өзүн чакырууга аракет кылып көрдүңүздөрбү? Маселен, расмий кат жолдоп дегендей…

— Тергөө иштерин жүргүзгүдөй, сот же прокурор эмеспиз да. Биз жөн гана мыйзамды сактадык. Анын кылган иштери жана эл өкүлдөрүнүн келтирилген фактылары Атамбаевге тиешеси бары-жогун жыйынтыгында баары бир прокуратурага жазабыз. Ошондо гана кырдаалга жараша иш болот. Ал эми Атамбаевдин келген же келбегени туурасында айтсам, биз баарына «эшик ар дайым ачык» дегенбиз. Бирөөнө да расмий чакыруу бергенибиз жок.

— Депутаттык комиссиянын ичинде кайчы пикирлер, мунасага келише албай калуу болдубу?

-Болду. Биринчиден, депуттар белгилеген тогуз айыптын алтоо гана экс-президент Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезиндеги кылмыштар деп эсептелип, калган үчөөнүн  тиешеси жок деп табылды. Экинчиден, биз да өзүбүздүн сунуштарыбызды айтып, ал жакта келтирилген мыйзам бузуулардын ичинен өтө чоң фактыларын гана каттадык. Маселен, Жер үйдүн кыргыз элинин кызыкчылыгына туура келбей сатылганы жана «Кыргыз газды» бир долларга кармата бергени боюнча айтылды. Себеби, бул ишке түздөн-түз президенттин кийлигишүүсү болгон деген да шектер бар. Мындан тышкары, 40тан ашуун депутаттын кайрылуусун карайбыз. Биз юрист же прокурор эмеспиз, жөн гана аша чаап кетпей, тиешелүү милдеттерибизди алып баралы деп ары тартышып, бери тартышып бир чечимге келдик.

— Комиссияга ар бир фракциядан өкүлдөр кирди эле. Алардын баары катыштыбы? Же кандайдыр бир себептерден улам катышпагандар да болдубу?

— Бир гана Канат Исаев катышкан жок. Себебин билбейбиз. Бирок «Кыргызстан» фракциясынан башка депутат катышып жатты. Ордуна кирген жок. Мүчөсү болуп эле катышты.

— Негизи 7 күн берилген болчу. Бирок ага чейин эле корутундусун беребиз деп жатасыздар. Парламенттин жалпы жыйынына качан чыгат?

— Ал бүгүнкү күндүн чечимине жараша болот. Алдын ала эч нерсе айта албайбыз.

— Сиздин оюңуз боюнча комитеттин чечимине толук өтүшү мүмкүнбү, же кармалуу болобу? Сиз кандай болжоп жатасыз?

— Ар кандай болот. Кээде комитет маалыматтар жетишпейт деп жылдырып коюшу мүмкүн. Мен комитеттин чечими кандай болорун билбейт экенмин. Айта албайм.

— Дагы бир маселе, ушул депутаттык комиссиянын жыйынына күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүн да чакырдыңыздар. Ошондо берилген суроолорго ачык-так, эң негизгиси ынанымдуу жооп ала алдыңыздарбы?

— Ала алдык. Эң негизгиси коюлуп жаткан тогуз доо боюнча сурадык. Тергөө органдары тогуз доонун сегизи кылмыш иши катары катталганын маалымдашты. Бул жерден айта кетиш керек, балким сотко барып өзүн актап алышы мүмкүн. Соттун же тергөөнүн ишине кийгилигише албайбыз да. Ошон үчүн Атамбаев жөнөкөй жаран катары суракка алынып, күнөөлүү болсо жооп беришин каалайбыз.

— Депутаттык комиссияда аябагандай чоң жоопкерчилик бар экени айтпасак деле белгилүү. Кийин ар кандай саясий кырдаал болот. Сиз жеке өзүңүз жоопкерчилик алганга даярсызбы?

— Жоопкерчилик алууга даярмын. Себеби коюлуп жаткан доолорду карасак, түздөн-түз Алмаз Шаршеновичтин кийлигишүүсүнүн негизинде чечилген маселелер экен.

— Бийлик тараптан же кандайдыр бир саясий күчтөр тарабынан депутаттык комиссиянын ишине кийлигишүүнү же таасир көрсөтүүнү байкадыңызбы?

— Жок, байкаган жокпуз. Көп адамдар келип сүйлөдү. Мунун негизинде жаңы ачылган жагдайлар да болду десем жаңылышпайм. Ага байланыштуу жалпы ишти экиге бөлдүк: биринчиси, саясий репрессия; экинчиси, коррупция. Мен Атамбаевди 100 % күнөөлүү же күнөөсүз деп айтпайм. Аны тергөө далилдесин. Болгону жоопкерчиликтен качып кетишин каалабайм. Атамбаевдин Акаев менен Бакиевден айырмасы: алардын убагында конституциялык укугу эбегейсиз эле. Ал эми Атамбаевдин ал жагынан укугу чектелүү болчу. «Ага карабай, бийликти узурпация кылды», — деген кайрылуулар да болду. Мен буларга кошулам. Эми мыйзамсыз иштери эртең текшерилет. Көрөбүз. Өзү айткандай таза акмын десе, далилдеп кетсин.

Copyright © 2017 Maral FM