Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 1-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип, айрым учурларда 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 13…18… күндүз: 28… 33 °C
Талас облусунда
түнкүсүн: 10….15….күндүз: 26…..31°C;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 14…19….күндүз: 28…33 °C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 9…14….күндүз: 19…24 °C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 7….12…..күндүз: 20….25°C;
1-июнда Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 31….33 °C, түнкүсүн 16…18 °C градус болот.