Биз менен байланышыңыз

Серепчилер: Матраимов 2020-жылкы шайлоого аттанышы мүмкүн

Саясат | 20 мая 2019 | 861 | 0

Райымбек Матримовдун бир жылга созулган арызы каралып, соттун чечими менен өкмөттү утуп чыкты. Коомчулук көптөн күткөн жооп тарары менен кайрадан Матраимовдун тегерегинде суроолор пайда болду. Алсак, Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына кайра кайтып келеби?  2020 — жылдагы парламенттик шайлоодон анын фамилиясын кездештирүүгө болобу? Бул суроолорго депутаттардан, саясий серепчилерден жооп издедик.

2018-жылы Райымбек Матраимов: «Өкмөт мени мыйзамсыз иштен алды», — деген арызы менен сотко кайрылган. 26-апрелде Биринчи май райондук соту анын арызын канааттандырып, кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган. Бирок бул чечимге нааразы болгон өкмөт Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Шаардык сот да райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, андан соң өкмөт Жогорку Сотко арыз жолдогон.

2019-жылдын 17-майында Жогорку Соттун чечими менен ал өкмөттү утуп чыкты. Эми мындан аркы кадамдары кандай болот? Мыйзамсыз кетирген кызматына барышы мүмкүнбү? Биз бул суроолор менен Матраимовдун адвокаты Татьяна Карыжинскаяга кайрылдык. Анын айтымында, Матраимов кызматына кайра келүү максатында эмес, жөн жерден коюлган дооматты далилдеп берүүнү каалап, сотко арыз берген.

— Менин жактоомдогу Матраимовду негизсиз жумуштан алып салышкан. Бирок бир жылдан өтсө да, сотто утуп чыктык. Райымбек Матраимов болгону өзүнө коюлган айыптын туура эмес экендигин коомчулукка билдиргиси келген. Ал максатыбызга жеттик. Ал эми кайрадан кызмат ордуна кайтуу планында жок.

Ал эми саясат талдоочу Табылды Акеров Райымбек Матраимов ошол кездеги экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен кызматтан кеткенин айтат. «Мындан улам, коомчулукка өзүнүн таза экенин жана өкмөт койгон доонун бир да негизи жоктугун далилдөө биринчи максаты болчу», — дейт саясат талдоочу.

-Бул жерде Матраимов кайра өзүнүн ордуна барыш үчүн сотко арыз жазып, бир жылча күрөшкөн жок. Ал болгону ошол кездеги президент премьер-министр Сапар Исаковго буйрук берип, кызматтан негизсиз кеткенин тастыктагысы келди. Эми соттон өзү каалаган жыйынтыгын алгандан кийин, мындан ары саясаттан алыс эле болот  го?..

Анткен менен дагы бир саясат талдоочу Марс Сариев Матраимовдун мындан аркы кадамдары 2020-жылы парламенттик шайлоодо көрүнө баштаарына токтолду. Эгерде ал партия түзсө, аны колдогондор четтен чыгып, партиялардын негизгилери боло аларына көзү жетет. Сариевдин билдиришинче, анда колдоочу да, калың капчык да бар.

— Шайлоодо Матраимовдун акчасы чоң роль ойнойт. Аны түштүк тарап колдойт, жадагалса ал жакта атайын штабы да бар. Эгерде ал 2020-жылы парламенттик шайлоодо өзүнүн партиясын түзсө, таң калуунун кереги жок. 

Ушундай эле ойду Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев да колдоп, бирок партия түзбөй эле, башка партияга мүчө болгону дурус деп белгиледи. Түштүк тарапка Матраимовдун эмгеги сиңип, өлкө үчүн жакшы эле кызмат кылганына токтолуп, «Өзү жаш болсо да, башкаларга караганда өлкө үчүн эмгеги зор», — дейт Масалиев.

— Райымбек Матраимов — өзү жакшы жигит. Жаштыгына карабай, көп иштерди жасап келген. Партия түзүүсүн колдобойм. Себеби, өлкөдө партиядан көп нерсе жок. Жакшы партияга кирип, өзүнүн талапкерлигин коюп, аймактагы маселелерди чечсе жакшы болот. Анын үстүнө, мунун жасаган жакшы иштерин эли билет да.

Эске салсак, 2017-жылы ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков Райымбек Матраимовду «иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйөө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. Бирок 2018-жылдын 26-апрелинде Матраимов: «Мени негизсиз иштен алды», — деп Сапар Исаковду сотко берген.  2019-жылдын 17-майында мурдагы чечимдерди күчүндө калтыруу менен Жогорку Сот Матраимовдун кызмат ордунан бошотулушу мыйзамсыз экенине макул болду.

Copyright © 2017 Maral FM