Биз менен байланышыңыз

Президент Кытайга иш сапары менен жөнөп кетти

Кыска кабар | 25 Апр 2019 | 580 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыгынын II форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү — 2019» көргөзмөсүнө катышуу үчүн Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарына иш сапар менен учуп кетти. Бул тууралуу Президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Визиттин алкагында мамлекет башчысы КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин, ККП Борбордук Комитетинин саясий бюросунун туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, бизнес-компаниялардын жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Андан тышкары, ал эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын павильондорун көрөт, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге «Достук оазиси» гүлбакчасында көчөт отургузат.

Кыргыз Республикасынан барган расмий делегациянын курамында төмөнкүлөр бар:

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков;

Президенттик Аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков;

Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Канайым Бактыгулова;

Экономика министри Олег Панкратов;

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев;

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов;

Copyright © 2017 Maral FM