Биз менен байланышыңыз

Украина: Добуштардын 70 %ы саналып бүттү. Зеленский алдыда

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Апр 2019 | 704 | 0

Акыркы алынган маалыматтарга ылайык, Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы добуштардын 70 %ын санап бүттү.

Расмий жыйынтыктарды карай турган болсок, президенттикке талапкер Владимир Зеленский добуштардын 73,00 %ына ээ болуп, алдыда бара жатат. Ал эми  учурдагы президент Петр Порошенко 24,66 % добушка ээ болду.

Ал эми шайлоодогу бюллетендердин 2,32 %ы жараксыз деп табылган.

Ал ортодо шайлоодо жеңишке жеткен Зеленскийди АКШ президенти Дональд Трамп, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо баш болгон дүйнөлүк лидерлер куттуктай баштады. Мындан сырткары, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Украинанын өкмөт башчысы Владимир Гройсман жана Польшанын президенти Анджей Дуда да куттуктоо телеграммасын жиберген.

Эске салсак, кечээ 21-апрелде Украинада президенттик шайлоонун экинчи туру болуп өттү.

Copyright © 2017 Maral FM