Connect with us

Парламент чек ара маселесин жабык талкуулайт

Кыска кабар | 14 Мар 2019 | 1032 | 1

Парламенттин жалпы жыйынында өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча маалыматты жабык кароону сунуштады. Буга каршы болгон депутат Таабалды Тиллаев жалпы маалыматты ачык эле угууну сунуштады.

Эгер жабык угула турган болсо суроо-жооп иретинде талкуу болушун талап кылды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында жыйынга катышкан 75 депутаттын баары «макул» деп добуш беришти.

Кыргыз-тажик арасындагы кырдаал боюнча маалыматты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов берери айтылды.

Copyright © 2017 Maral FM