Apple компаниясынын директору Тим Кук Twitter баракчасындагы аты-жөнүн өзгөрттү. Ага АКШ президенти Дональд Трамптын Тим Кукту жаңылышып, “Тим Эппл” деп атап алганы себеп болгон.
Тим Кук Twitter’де аты-жөнүн өзгөртүп, компаниянын логотибин койгон.
Белгилей кетсек, 6-мартта Тим Кук Вашингтондо Эмгек министрлигинин жыйынына катышып, маалымат берген. Анда Трамп:
— Сиз өлкөнү өнүктүрүүдө чындыгында зор салым кошуп жатасыз. Биз аны баалайбыз, Тим Эппл, — деп айтып алган.
Ак үйдүн маалыматына караганда, Трамп “Тим Эппл” деп айтуу менен Кук жетектеген компанияны белгилеген. Тагыраагы, “Тим – Apple” деп айткан.
CNBC’дин билдиришинче, бул Трамптын ири компаниялардын жетекчилери менен жолугушууда кетирген алгачкы катачылыгы эмес. Алсак, 2018-жылдын майында Трамп Lockheed Martin компаниясынын директору Мэрилин Хьюсонду «Мэрилин Локхид» деп чакырган.