Биз менен байланышыңыз

КСДП: Өмүркуловдун съезд өткөрүүгө укугу жок

Кыска кабар | 5 Мар 2019 | 817 | 0

“Иса Өмүркулов КСДПнын саясий кеңешин чогултууга жана съезд өткөрүүгө укугу жок”. Бул тууралуу аталган партиянын төрага орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Өмүркулов партиядан чыгарылгандыктан жыйындарга да атайын чакыруусуз катыша албайт. Ошондуктан ал партиянын уставын бузду.

«Бүгүнкү күндө партия менен коомчулуктун башын айлантуу, партиянын калган бөлүгүн бөлүп-жаруу аракети болуп жатат. Биз Өмүркуловдун коомчулукту бөлүп-жарууга алып келишин каалабайбыз«- деди Карамушкина.

Эске салсак, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 4-мартта КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны болгонун, анда партия 3-апрелде кезектеги съездин өткөрүү чечимин кабыл алганын айткан. Ошондой эле  “КСДП Атамбаевсиз” кыймылы да курултай өтөрү тууралуу айтылган. Бирок Өмүркулов алардын курултайынын бул кыймылга тиешеси жоктугун билдирген.

КСДПнын юридикалык иштер боюнча кеңешчиси Нурбек Касымбеков Иса Өмүркуловдун 3-апрелде партиянын съездин өткөрөбүз дегени легитимсиз экенин айтты.

КСДПнын курултайы 6-апрелде өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM