Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешкен Баткен районунун Сай айылындагы окуучулардын мектеп көйгөйү сегиз жылдан бери чечилбей келет. Тагыраак айтканда 400дөй окуучу сел алып кеткен авариялык мектепте окуйт. Ал эми жаңы салына баштаган мектептин курулушу жарымына келип токтоп калган. Окуу кааналарынын аздыгынан окуучулар үч нөөмөт менен караңгы түшкөнгө чейин окуп, 4-5 чакырым жолду жөө басып өтөт. Мындан улам аталган айылдын тургундары жаңы мектепти тезирээк бүтүрүп берүү үчүн президентке кайрылууну чечишкен.
Алыскы Баткен районуна караштуу Сай айылы түндүк-батышы тарабынан Өзбекстандын Сох анклавы менен чектешет. Аталган айылдын мектебинин бир бөлүгү 2011-жылы жаратылыш кырсыгында жабыркап, учурда окуучулар мындан 45 жыл мурун салынган эки корпуста билим алышат. Анда окуу кааналарынын жетишсиздигинен окуучулар үч нөөмөткө бөлүнүп окушат. Мындай маалыматты аталган айылдын мугалими Токтобүбү Таштанова айтып берди.
«Биздин азыркы мектебибиз авариялык абалда. Меш жагып жылытабыз. Коопсуздук эрежелери сакталбайт. Чатырынан тамчы өтүп, полдору да кыйчылдап турат. Айла жок ушул мектепте балдарды үч сменге бөлүп окутуп жатабыз».
Чек арадагы бул айылдагы үйлөр бири-биринен алыс жайгашкандыктан, Какыр, Тектир, Варган, Ак-Таш участогунан каттаган балдар мектепке чейин жок дегенде 4-5 чакырым жол басат. Айрыкча кышында караңгыда кайткан жаш балдар үчүн өтө кооптуу болгондуктан, башталгыч класста окуган балдардын ата-энелери аларды күн сайын мектептен күтүп алып кеткенге мажбур.
Ал эми 6-7-класстын окуучулары сабактан кечки саат жетилерде чыгышат. Аларды ата-энелери жолдон тосуп алат. Үйлөрүнө кечки саат тогуздан өткөндө жетээрин айткан 7-класстын окуучусу Зулиха да кечинде мектептен кайтканда коркоорун жашырбайт.
«Үйгө чейин 4 чакырымдай басышым керек. Көбүнчө ата-энем жолдон тосуп алат. Негизи караңгыда коркобуз, ошон үчүн жаныбызга фонарик алып алабыз. Бирок кээде үйдө эч ким жок болсо, өзүбүз кеткенге мажбурбуз».
Жогорудагы көйгөйдү чечүү үчүн Сай айылында 2014-жылы жалпы сметалык баасы 41 млн 700 миң сом болгон жаңы эки кабаттуу мектеп салына баштаган. Бирок мектептин курулушу беш жылдан бери бүтпөй, спорттук зал үчүн делген пайдубал салынбай жатып урай баштаган. Азыркы тапта 15 млн сомдук иштер аткарылган. Бул тууралуу Дүйшө Акматов атындагы орто мектепте 44 жылдан бери иштеген, аксакал мугалим Исамидин Мусуралиев буларга токтолду.
«Балдар жок дегенде 4-5 чакырым жол басат. Алар карышкыр, чөө бөрүлөр жүргөн ээн талааны аралап өтүшөт. Жаш балдар кышында үшүп же карышкыр кол салса эмне болот? Алардын убалы кимге? Окуучулар эртерээк сабагынан кайтсын десек, мектепте класс жетишпейт экен. Чатырга болсо деле окуп, II смена болсун десек, ага биздин айылдын климаттык шарты туура келбей жатат. Деги курулушу башталып, бирок бүтпөй калган мектепти 2019-жылдын бюджетине кошсо болобу? Же “Элге берген куруттан, бизди неге куруткан” болуп, бул жылы да күтүп кала беребизби? Эмне үчүн 2016-17-жылдардагы жаратылыш кырсыгынан жабыркаган мектептер бүтүп жатат да, 2011-жылы жаратылыш кырсыгында кыйраган Сай айылынын мектеби дагы деле бүтпөй келет?»
Сай айылынын тургундары мектеп маселеси боюнча дээрлик бардык тараптарга кайрылган. Бирок бирөөсүнөн да жыйынтык боло элек. Мындан улам алар бул маселени чечүү үчүн атайын борбор калаага айыл тургундарынан өкүлдөрдү жиберишти. Сай айылынын тургуну Жалалидин Оболбековдун айтымында элеттиктердин бир үмүтү президенттен болуп турат.
«Айылдыктардын кайрылбаган жагы калган жок. Эми акыркы үмүт, маселени чечип берээр деп президентке кайрылууну туура көрдүк. Анткени биздин мектепти ушул 2019-жылдын бюджетине киргизип, жаңы окуу жылына болбосо да, кышка чейин бүтүрүп беришсе жакшы болмок».
Белгилей кетсек, Кыргызстанда акыркы үч жылда 300дөн ашуун мектеп курулуп, пайдаланууга берилди. Ал эми Баткен облусунда курулушу бүтпөй турган 30га чукул мектеп бар. Билим берүү жана илим министрлиги болсо учурда курулушу 70% бүткөн мектептерди гана толук бүткөрүү аракетин көрүүдө.