Түрк ишкер кеңешинин 2019-жылдагы отуруму Ташкентте өтөт. Бул тууралуу Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.
Өзбекстандын тышкы иштер министри 1-мартта Абу-Даби шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушкан.
Анда тараптар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен Ташкентте өтө турган Түрк ишкер кеңешинин 2019-жылдагы отурумунун жана анын бизнес-форумунун ар кандай маселелерин талкууга алышкан.