Биз менен байланышыңыз

Акаев Москвадагы кыргыздар менен жолукту

Кыска кабар | 10 Фев 2019 | 1387 | 0

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Москвада кыргыздар менен жолукту. Бул тууралуу жеке булактарыбыз Маралга кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Акаев озүнүн жаңы жазган «Кыргызстан в эпоху цифровой экономики на новом щелковом пути» китебинин бет ачарын кылып, тааныштырды.

Жолугушууда ал китебинин кандайча жана эмне себептен жазылганын, эмнелер камтылганын айтып, Кыргызстан тууралуу пикири менен бөлүштү.

Ошондой эле катышуучулардын Кыргызстандын экономикасы, келечеги тууралуу жана башка суроолорго жооп берди.

Жолугушууга Орусияда эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар жана студенттер катышышкан.

Copyright © 2017 Maral FM