Бүгүн, 7- февралда “Мобильник” ишканасы техникалык көйгөйдөн улум кайрадан ишин токтотту. Буга байланыштуу банкы электрондук капчыктан акча берүүнү убактылуу токтотуп турат. Бул тууралуу аталган банктан кабарлашты.
“Мобильник” электрондук капчыгындагы бардык акчалар “Бай-Түшүм” банкында сакталып турат. “Мобильник” ишканасынын техникалык көйгөйү жөнгө салынгандан кийин кардарларга бериле баштайт.
Кошумчалай кетсек, 5-февралда “Мобильник” ишканасындагы техникалык көйгөйлөр чечилип, «Бай түшүм»банкы акчаларды которуу жана чыгарып алууну баштаган болчу.
Бул эки күн аралыгында көптөгөн кардарлар өздөрүнүн акчаларын чыгарып алууга жетишкен.