Биз менен байланышыңыз

Өкмөт жаңы күчүнө кирген кодекстер тууралуу маалымат берет

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 559 | 0

Бүгүн, 15-январда өкмөт жаңы күчүнө кирген кодекстер тууралуу маалымат берет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев катышат.

Эске салсак, 2019-жылдан тарта Соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы беш кодекс жана эки мыйзам күчүнө кирди. Алар «Кылмыш-жаза», «Жоруктар жөнүндө кодекс», «Бузуулар жөнүндө кодекс», «Жазык-процесстик кодекс» жана «Жаза аткаруу кодекси».

Коомчулукта жол эрежелерине байланыштуу каралган айып пулдардын суммасы нааразылык жаратып жатат. Алсак, мас абалында унаа башкарган айдоочуга 17 миң 500 сом айып салынууда. Ички иштер министрлиги буга чейин 3 күн ичинде 17 мас айдоочу кармалып алардан 262 миң 500 сом айып пул өндүрүлгөнүн кабарлаган.

Мындан тышкары, туура эмес жерге түкүргөндөргө 5500 сом айып салынганы да талкуу жаратып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM