Биз менен байланышыңыз

«Өз өлкөбүздө өзүбүздү качан коопсуз сезебиз?»- президенттин жообу

Кыска кабар | 19 Дек 2018 | 666 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков басма сөз жыйынында Транпорт жана жолдор министринин орун басарынын пара алганын, Бурулайдын өлүмү, балдардын коопсуздугу, аялдардын балдарын таштап мигрант болуп кетиши тууралуу суроолорго жооп берди. Журналист “өз өлкөбүздө качан өзүбүздү коопсуз сезебиз?”- деп суроо салды.

Жээнбеков өлкөдө көйгөйлөр өтө көп экендигин, милиция кылмышкерлерди кое берген, жаш кыздар зордукталган, уурдоо фактылары коп экенин моюнга алды.

Ошондой эле, өлкөдө кол тийбестиги болгон жаран болбошу керекги, мыйзам баарына бирдей болушу зарылдыгын айтты.

“Катуу дисциплина болушу үчүн аракеттер көрүлүп жатат. Биз сот, укук коргоо органдарына реформа жасап жатабыз. Бирок ал бир жылда аткарылбайт экен, ага жылдар кетет, ал үчүн коомчулук, массалык малымат каражаттарынын жардамы керек”- деди президент.

Ал мындан тышкары, кылмышкерлер  эл арасында басып жүрбөшү керектигин, 2 жаштагы баласын калтырган эненин абалындай учур катталбашы керектигин айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM