Connect with us

Жолдон жонулган долларлар

Саясат | 6 Дек 2018 | 891 | 0

Транспорт жана жолдор министринин орун басары 50 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды.

5-декабрь күнү Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев 50 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов кабарлады.

Анын айтымында, Жусубалиев чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашкан. Буга чейин 120 миң долларын алып, калганын кийинки жумада ала турганын айткан.

Такталган маалымат боюнча кармалган адам тендерди өткөрүү боюнча конкурстук комиссиянын төрагасы болгон. Ал чет өлкөлүк компаниялардын биринин колдоочусу катары акча каражаттарды Эпкин-Дыйкан, Башкууган жолдорун калыбына келтирүү жана жол куруу иштерин аткарууда оң чечим кабыл алуу максатында алгандыгы аныкталган. Азыркы учурда кармалган адам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайында киргизилген.Тергөө иштери жүрүп жатат.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов кармалган орун басары тууралуу маалымат берди. Бул кабар ал үчүн күтүүсүз болгонун жана буга ишене албай турганын «Маралга» айтып, орун басары коорупция менен күрөштүн басында болгонун белгиледи.

Менин орун басарым 2017-жылдын февраль айында өкмөттөн келген. Ал министрликте жол жана темир жол тармагын карачу. Өз ишин так иштеген кадр эле. Мүнөзү бир аз жумшак болчу. Ошонун айынан эскертүү алчу. Бул кабарды бүгүн эртең менен угуп өзүм дагы аң-таң абалда турам. Үч уктасам түшүмө кирген эмес. Анткени 1,5 жыл ичинде коррупциялык схемаларды жоюу боюнча көп жумуштарды чогуу жасаганбыз. Анын башында өзү турган.

Кармалган аткаминер ЦАРЕС 1 жана 3 коридору боюнча, Эпкин-Дыйкан, Башкууган жолдорун оңдоо долбооруна жарыялаган тендердик комиссияны жетектеп турган. Тендердин жыйынтыгы боюнча Италиялык «Тodini» деген компания утуп алган. Эки тараптуу келишимге сентябрда кол коюлган болчу.
Чындыгында, Транспорт министрлигинде сол чөнтөккө солонгон каражаттар арбын экенин эксперттер айтып келишет. Анткени жол курууга кеткен каражат көп учурда эсепке алынбайт. Ошондуктан аныкталган иштер боюнча министрдин жоопкерчилиги каралууга тийиш экенин «Коррупцияга каршы» кеңештин төрайымы Нурипа Муканова айтты.

Министрдин орун басары кийлигишкен мындай иштерди балким министр билбей калышы мүмкүн. Эгер ал караган тармак анын колу менен чечилүүгө уруксаты бар болсо… Бирок орун басарлык кызмат саясий болгондуктан, мыйзам боюнча министр буга түздөн-түз жооп бериши керек. Анын жоопкерчилиги дагы каралууга тийиш. «Менин орун басарым жасап коюптур, мен билген эмесмин» дегенге укугу жок.

Мындан улам Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү, депутат Алтынбек Жунус уулу эми министрликтин артындагы башка иштерди дагы иликтениши керектигин айтууда. Анткени ал ири көлөмдөгү сумманы жалгыз министрдин орун басары чыгарып кетишине анчейин ишене бербейт.

Аныкталган каражат министрликке толук жетчүдөй сумма экени көрүнүп турат. Мен ойлойм, түндүк-түштүк альтернативдик жолунун кымбат болушунун бирден-бир себеби дагы министрликтин коррупцияга малынганында. Мына долбоорлорду миллиард долларга жасатып, өздөрү жең ичинен жемкорлук кылып келгени ачыкталып отурат. Эми ошол түндүк менен түштүктү бириктирген жолдун келишимдерин кайра карап чыгышыбыз керек. Ал жерде дагы көп мыйзам бузуу бар.

Учурда кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кылмыш ишин иликтенип жатат.

Жунус уулу: Жол министри болгондор — жалаң байлар

Copyright © 2017 Maral FM