4-декабрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болушу мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +2…+7;
Таласта түнкүсүн -9…-14, күндүз +2…+7;
Ош, Жалал-Абад, Баткенде түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз +4…+9;
Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз 0…-5;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн -8…-10, күндүз +4…+6.