Биз менен байланышыңыз

Жумгалда жер көчүп, таза суу түтүгү жана электр зым карагайы жабыркады

Кыска кабар | 2 Дек 2018 | 707 | 0

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы “Жумгал Суу Курулуш» көмүр казган ишканасынын аймагында жер көчкөн. Кырсык кечээ, 1-декабрда болжол менен саат 12:30дар чамасында катталып, жер көчкүнүн көлөмү болжол менен 35000 м3 болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жер көчкүнүн кесепетинен Ыраакы Миң-Куш тилкесине баруучу таза суу түтүгү жана «Жумгал Суу Курулуш» көмүр казган ишканасынын 2 даана электр зым карагайы жабыркаган.

«Учурда жер көчкү акырындык менен жылууда, турак үйлөргө коркунуч жок«, — деп кабарлашты ӨКМден.

Жеринде ыкчам топ жана райондук ЖК комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бугүн кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

КР ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башчысы билдиргендей, сентябрь айында эскертме берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM