Биз менен байланышыңыз

«Замандаш” коомдук фонду «Замандаш» партиясынын ажырагыс бөлүгү»

Кыска кабар | 1 Дек 2018 | 1158 | 1

“Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов “Замандаш” коомдук фондунун президентти болуп бекиди. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат бөлүмү кабарлайт.

Ага ылайык, мындан ары фонд чет өлкөдөгү мекендештерге жардам берүү, коомдогу болуп жаткан көйгөйлөрдү, социалдык маселелерди чечүү боюнча иш алып барат. Ал эми “Замандаш” саясий партиясы саясий маселер аркылуу мекендештерине кызмат кылмакчы.

Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин курамына кошулган “Замандаш” коомдук фонду 2003-жылы Өмүракунов Муктарбек Сүйүналиевич тарабынан негизделген.

«Замандаш” коомдук фонд — партиянын ажырагыс бөлүгү. Биз, партиялаштары Муктарбек Сүйүналиевич баштап кеткен иштерге Жеңиш Өмүргазиевич жаңы деп берип, ийгиликтүү алып кетерине жана жогорку баскычка чыгаарарына толук ишенебиз. Ошондой эле чын дилибизден куттуктап, чет жердеги замандаштары менен жогорку деңгээлде иш алып бараарына жана келечектүү кадамдарына ишенебиз, жалпы жамаатыбыз түзүлгөн кеңеш ийгиликтүү болот деп үмүт артабыз», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык “Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш” түзүлгөн. Жарлыкта айтылгандай, соңку жылдары чет өлкөдө иштеген мекендештердин саны өсүп жатат, алар Кыргызстандагы ар кандай экономикалык долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар. Кеңеш чет жакта иштеген мигранттарды колдоо, алардын инвестиция салуусуна көмөктөшөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Алика

    01.12.2018 22:42

    Урматтуу Жениш Омургазиевич кызмат ордунуз кут болсун! Кыргыз элине чын дилиниз менен кызмат отонуз, ийгилик каалайм

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM