Өткөн сутка ичинде электр энергиясын колдонуу өлкө боюнча 20 пайызга өстү. Бул тууралуу “Улуттук электр станциялар тармагы” ишканасы билдирет.
12-ноябрда 57,4 млн кВт.саат электр энергиясы колдонулса, 11-ноябрда 51, 9 млн кВт.саатты түзгөн.
Эң жогорку өлчөмдө электр энергиясын сарптоо былтыркы жылдын 30-январына туш келет, анда 70,7 млн кВт.саат электр энергиясы колдонулган.
Белгилей кетсек, ушул күндөрү өлкөдө туруксуз аба ырайы сакталууда. Көпчүлүк аймактарда абанын табы -10…-15° суук болууда.